Кечээ, 16-июлда кыргыз эстрада ырчысы Лутфилла Бусурманкул уулу 36 жашка чыгып, туулган күнүн жакындарынын коштоосунда шаардагы кафелердин биринде өткөрдү. Туулган күнү менен куттуктап SUPER.KG порталы ырчынын туулган күнүнө барып келди.
Ырчынын туулган күнү шаңдуу өтүп, ага жакындары туулган күнү менен куттуктап Египетке жолдомо жана iPhone уюлдук телефонун белекке беришти.
"Жаратканымдын ушул күнгө жеткиргенине чексиз шүгүр. Туулган күнүмдө шакирттеримдин коштоосунда шаңдуу маанай, күтүүсүз белектер менин эмоциямды башкача кылды. Мени колдоп, туулган күнүмө куттуктап келгендердин бардыгына ыраазымын. Туулган күнүмдө эмоцияга алдырып, өзүмдү араң кармап жаттым", - деди ырчы.
Толугу менен видеодон көрүңүз.