Нөшөрлөп жааган жамгырдан соң Австриянын Зальцбург аймагындагы Котбах дарыясынын суусу көтөрүлүп, пайда болгон суу ташкыны Халлайн шаарынын борборун бир топ кыйроого учуратты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Басылманын маалыматы боюнча, шаар мэри Александр Стангассинджер кызматкерлердин кырсык болгон аймакта ылдамыраак иш жүргүзүүлөрү үчүн тургундарды тезинен ал жерди убактылуу таштап кетүүгө чакырды.
Ошондой эле Австриянын федералдык канцлери Себастьян Курц кырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү убадалаганы кабарланды.
"Тилекке каршы, катуулап жааган жаан жана бороон Австриянын көптөгөн аймактарына олуттуу зыяндарды алып келип жатат. Жардам берүү үчүн бардыгын жасап жаткан тийиштүү кызматкерлерге жана бардык ыктыярчыларга ыраазычылыгымды билдирем! Биз жабыр тарткан жарандарыбызды унутта калтырбайбыз жана баарын мурунку калыбына келтирүүгө болгон аракетибизди жумшайбыз", - деген ал.
Ошондой эле нөшөрлөп жааган жаан Италиянын айрым аймактарында да суу ташкындарын пайда кылган. Анын кесепетинен Сицилия аралы көбүрөөк жапа чеккен. Мындан тышкары, акыркы суткада Италиянын түндүгүндөгү Түштүк Тироло аймагында жаан-чачындын жогорку көрсөткүчү байкалганын метеорологдор белгилешти.
Кошумчалай кетсек, 11-июлда да Германияда катуу нөшөр орун алган. Анын кесепетинен Ар жана Мозель дарыяларынын суусу нугунан ашып кеткен. Ошондой эле бир нече шаарлар тосулуп, 200 миңден ашык адам электр жарыгысыз калган.
Акыркы маалыматтар боюнча, Германияда 156 адам каза таап, 1300дөн ашыгы дайынсыз болуп жатканы айтылууда. 17-июлда өлкөнүн батышындагы Арвайлер районунда жаракат алгандардын саны 670 адамдан ашканы кабарланды.
17-июлда селдин кесепетинен Германиянын Коргоо министрлиги өлкөнүн батышында аскердик катаал режим жарыялады. Жаратылыш кырсыгынын кесепеттери менен күрөшүүгө 850дөн ашык аскер тартылды. Бирок, айрым эксперттер Германия бийлиги жаратылыш күчтөрү менен күрөшүүгө даяр эместигин көрсөттү деп белгилешүүдө. Ал эми бийлик, кырсыктын алдын ала албай калгандыгынын себеби катары аба ырайынын күтүүсүздөн өзгөрүшүн жана жаратылыш кырсыгын болжолдоого мүмкүн эместигин белгилешүүдө.