Жайкы трансфердик терезе. "Барселона" менен "Ювентус" оюнчуларын алмашууну ниет кылууда

Жайкы трансфердик терезеде Европанын беделдүү "Барселона" жана "Ювентус" клубдары оюнчуларын алмашууну пландашууда. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.

Андагы маалыматка ылайык, оюнчуларды алмашуу демилгесин "Барселона" көтөрүп чыккан. Анда "Барселонанын" көрүнүктүү футболчусу Антуан Гризман "Ювентуска", ал эми аргентиналык 27 жаштагы чабуулчу Пауло Дибала "Барселонага" өтөрү айтылат.

Франциялык футболчу Антуан Гризман 2 сезон мурун "Атлетико Мадридден" каталондук клубга 120 миллион еврого келген. Ал өткөн сезондо 51 оюн өткөрүп, 20 гол, 13 голдук пас чыгарып берүүгө жетишкен.

Ал эми Пауло Дибала Италия лигасында 26 оюн өткөрүп, 5 гол жана 3 голдук пас өткөрүп берген.

Белгилей кетсек, аталган эки клуб өткөн сезондун башында да футболчу алмашышкан. Анда "Барселонадан" Артур Мело "Ювентуска" келсе, Миралем Пьянич "Барселонанын" катарына кошулган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-07-21 07:38:58
Жакшы болмок,а то экоо тен клубдарында ачыла албай кыйналып жатышат.Может жаны командада багы ачылып кетээр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан