Түркияда өткөн эл аралык фестивалда ырчы Азиз Батыров шакирттери менен 1-орунду жеңип алды (видео)

Ырчы, дастанчы Азиз Батыров Түркиянын Ялова шаарында өткөн эл аралык фестивалда шакирттери менен 1-орунду жеңип алды. Бул тууралуу ырчы мырзанын менеджери Умар Эсенгулов SUPER.KG порталына билдирди.

"Түркияда өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык фестивалына ырчы Азиз Батыров "Ынтымак" тобунун 10 мүчөсү менен катышып, 1-орунду жеңип алды. Бул сүйүнүчтүү кабарды биринчилерден болуп сиздер менен бөлүшүп жатабыз. Аталган фестивалга негизинен 20 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан", - дейт Эсенгулов.

Белгилей кетсек, Азиз Батыров 15-июль күнү Түркия өлкөсүнө фестивалга катышуу үчүн шакирттери менен учуп кеткен болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
salimbek87.kg
2021-07-21 10:45:57
Азаматсынар баракелде дайыма ийгиликте болгула.
+6
IOA
2021-07-21 11:23:17
Баракелде
+3
Aidan_Ek
2021-07-21 15:02:04
Азиз мырза азамат, жаштарды жакшы жака тарбиялоодо.
+3
Бектурган
2021-07-21 15:37:03
Aidan_Ek, дөөрүбөчү, артисттиктин кайдагы жакшы жагы, кайдагы жакшы тарбиясы бар эле? Үйлөндү, ажырашты, деп угасың, же жарым жылаңач сүрөттөрүн жарыялаганын угасың, болбойт бул кесип...
-3
nazira...
2021-07-21 17:44:14
Шакирттери эч нерсе кылбай эле жөн эле турушат го, түшүнбөдүм.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан