Ысык-Көл облусуна караштуу Чырпыкты айылында жол кырсыгынан 5 адам каза болуп, дагы 4 жаран ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-июль күнү саат 21:30 чамасында Чырпыкты айылынын 61 жаштагы тургуну Mitsubishi Galant унаасын башкарып бара жаткан. Унаа жолдун карама-каршы тилкесине чыгып бет маңдай келе жаткан Бишкек шаарынын тургунунун башкаруусундагы Тойота Лексус LХ-470 унаасы менен сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен Mitsubishi Galant унаасынын айдоочусу, жүргүнчү катары келе жаткан 58 жаштагы З.Э. Ысык-Ата районунун тургуну 57 жаштагы А.А. жана Токмок шаарынын тургуну Т.Н. жана Б.Б. аттуу жарандар каза болгон. Каза болгондордун экөөсү эркек, үчөө аял болгон.
Ал эми Лексус LХ-470 унаасынан 9 жана 6 жаштагы эки бала жана эң чоң киши денелеринен алган жаракаты менен райондук ооруканага жаткырылган.
Учурда жол кырсыгы боюнча тийиштүү органдар иштеп жатканы жазылат маалыматта.