Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Түркиядагы мелдештин жалгыздан ойноо бөлүгүндө жеңилди

Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина 28-октябрь күнү Түркиянын Стамбул шаарында башталган байге фонду 25 миң доллар болгон мелдештин жалгыздан ойноо бөлүгүндө жеңилип калды. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясы билдирди. Анда Ксения биринчи беттешин германиялык Анна Зая аттуу теннисчиге каршы өткөрүп, 6:2, 6:2 эсебинде утулуп, мелдештен четтеп калды. Ал эми мелдештин жупта ойноо бөлүгүндө болсо Ксения Палкина өзбекстандык Нигина Абдураимова менен бирге биринчи беттешин жеңип, чейрек финалга өткөн. Алар чейрек финалда грузиялык София Шапатава менен украиналык Анастасия Васильевага каршы беттешет.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан