Бүгүн, 30-октябрь күнү Орусиянын Рязань шаарында бильярддын “эркин пирамида” түрү боюнча өспүрүмдөр арасында Дүйнө чемпиондугу башталат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирди. Мелдешке Кыргызстандан Дастан Лепшаков, Улукман Карагулов, Бектур Арзыматов, Рысбек Асанбеков, Канат Жолдошбеков жана Ызатбек Раатбеков катышууда. Учурда Дастан Лепшаков украиналык Александр Дюковго, Улукман Карагулов орусиялык Сергей Ананьинге, Бектур Арзыматов украиналык Александр Годулянга, Рысбек Асанбеков орусиялык Павел Плотниковго каршы беттешери белгилүү болду. Ал эми Канат Жолдошбеков менен Ызатбек Раатбековдун атаандаштары белгилүү боло элек. Эркектер арасында жалпы 51 катышуучу бар. Ар бир беттеш 5 жеңишке чейин уланат. Мелдеш 2-ноябрь күнү жыйынтыкталат.