Биз социалдык тармакта

Оштогу батирден 93 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды

Ош шаарындагы батирлердин биринен 93 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"23-июль күнү Ош шаарынын Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйлөрдүн биринде батирдин тургуну эшикти ачпай жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Ош шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу тартылган.

"Куткаруу кызматы аталган дарекке жеткен кезде, атайын куткаруучулардын шаймандарынын жардамы менен терезе аркылуу кирип, эшигин ичинен ачканда 1928-жылы туулган К.А.Е. аттуу аялдын жансыз денеси табылган", - деп билдиришти ӨКМдан.

Жансыз дене ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2021-07-24 11:46:07
Байкуш орус окшойт. Жакшы эле жашаган экен эле. Туүгандары келип калса экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан