Кайрат Иманалиев Токио шаарында спорт министрлери менен жолукту

Токио шаарында өтүп жаткан XXXII Олимпиаданын алкагында уюштурулган спорт министрлеринин жыйынына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Олимпиадага катышкан бардык өлкөлөрдүн спорт министрлери чакырылган жолугушууда Япониянын маданият жана спорт министри Хагиуда Коичи сөз сүйлөп, келген меймандарга ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле Токио Олимпиада жана Паралимпиада оюндары боюнча министри Марикава Тамауа да куттуктоо сөзүн айтып, Дүйнөлүк спорттун актуалдуу маселелерине токтолду.
Жыйын Япониянын маданиятын жана спортун чагылдырган көрсөтүү менен уланды. Министрлердин жыйынынан соң, Кайрат Иманалиев Япониянын маданият жана спорт министри Хагиуда Коичи жана Токио Олимпиада жана Паралимпиада оюндары министри Марикава Тамауа менен жеке жолугушуп, XXXII Oлимпиаданын Токиодо ийгиликтүү өтүп жаткандыгы менен куттуктады", - деп жазылат билдирүүдө.
Тараптар Кыргыз-Япония маданий жана спорттук кызматташуу маселелерин талкуулашкан.
Мындан сырткары Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова, Түркиянын спорт жана жаштар министри Мехмет Касапоглы, Өзбекстандын туризм жана спорт министри Азиз Абдухокимов жана башка өнөктөш өлкөлөрдүн министрлери менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу маселелери боюнча пикирлер алмашылган.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mr.ulan89
2021-07-25 23:45:47
95000 сомдук чапанын кийип алса болмок экен
+3
Бектурган
2021-07-26 01:35:50
Эмне болуптур жолугушса? Толк барбы деги???...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан