О! Мобилдик оператору абоненттерине кам көрүү менен өлкөнүн уюлдук операторлорунун ичинен алгачкылардан болуп вакцинация жөнүндө сертификатты аралыктан жана үйдөн чыкпай туруп алуу мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды.
Мындан ары кыргызстандыктар үчүн электрондук санарип кол тамга алуу жана КТБна барууга убакыт коротуунун зарылдыгы болбойт, себеби вакцинация жөнүндө электрондук сертификат эми «Мой О!» тиркемесинен жеткиликтүү.
Жаңы сервис вакцинация статусун текшерүү, кийинки эмдөө күнүн кароо, ал эми экинчи компонентти алган соң QR-коду менен сертификат алуу мүмкүндүгүн берет.
Документти бардык мессенжерлерге же почтага жиберүүгө, ошондой эле «Путешествую без COVID-19» тиркемесинде колдонууга болот.
Мындан тышкары, бардык О! абоненттерине вакцинациядан өткөндүгү үчүн 10 ГБ интернет берилет.
Сертификат менен 10 ГБ кантип алса болот?
Сервис COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү боюнча «Кыргызстан – жашыл зона» улуттук демилгесин колдоо жана санарип технологияларды өнүктүрүү максатында КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте ишке киргизилди.
Өлкөнүн бардык аймактарында COVID-19га каршы масштабдуу жана акысыз вакцинация жүргүзүлүүдө. Бардык пункттардын даректерин http://med.kg/ru/vaktsinatsiya/4839-adresa-i-grafik-raboty-vremennykh-privivochnykh-punktov-po-vsej-respublike-2.html сайтынан биле аласыз.
Эмдөөдөн өтүү үчүн жаныңызда паспортуңуз болууга тийиш.
Ден соолукта болуңуз, өзүңүзгө жана айланадагыларга кам көрүңүз!
10 ГБ интернет-топтом бир жолу, КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан вакцина алгандыгы тастыкталган соӊ автоматтык түрдө кошулат. Акция 22.07.2021-ж. башталат. Акциянын мөөнөтү чектелүү. МТБМК караштуу МБА лиц.: №16-0062-КР, №16-0063-КР. Маалымат жарыялоо учурунда жарамдуу: 22.07.2021. Кененирээк: www.o.kg