Ошто каналга 2 аял чөгүп каза болсо, 1 өспүрүм кыз куткарылды

Ошто каналга 3 киши чөгүп, анын бири куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-июль күнү Ош облусунун Кара-Суу районунда алдын ала алынган маалымат боюнча Төлөйкөн айыл аймагынын Мамакеев санаториясынын аймагындагы Ош-Араван каналына 3 аял сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 13:15те 4 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар жеткенге чейин 2 адамдын жансыз денеси чыгарылып, ал эми 2006-жылы туулган өспүрүм куткаруучулар тарабынан куткарылды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2021-07-27 15:26:17
Акыркы учурларда ушундай кабар көп болуп жатат.
Сууга сүзө албагандар балон менен түшө тургандай кылыш керек окшойт ?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан