Дээрлик бир ай мурда көз жарган куудул, актриса Гүлжайна Атаканова ден соолугуна байланыштуу ооруканага жатып дарыланып чыкты. Учурда абалы жакшы экени Гүлжайна айым менен байланышканыбызда белгилүү болду.
Айтымында, гинекологиялык жактан сыркоолоп, бейтапканага жаткан. 10 күндөй дарылануудан кийин ал үйүнө чыгарылды.
Эске салсак, Гүлжайна Атаканова 29-июнда көз жарып, кыздуу болгон. 2-июлда ал кызы менен төрөт үйүнөн чыгып, кубанычы менен бөлүшкөн.