Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында Кытай АКШ менен Японияны артка калтырып, медалдардын саны боюнча кайрадан биринчи орунда келүүдө.
Бүгүн, 30-июль Бишкек убактысы боюнча саат 08:00гө карата Кытай 15 алтын, 7 күмүш жана 10 коло медалы менен биринчи орунда. Экинчи орунга Япония 15 алтын, 4 күмүш, 6 коло медалы менен жайгашса, АКШ 14 алтын, 15 күмүш жана 11 колосу менен үчүнчү орунга жайгашты.
Токио Олимпиадасы 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Пандемияга байланыштуу мелдеш бир жылга жылдырылып, эми 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтүүдө.
Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышууда.