Кыргызстандык боксчу Азат Үсөналиев "Украиналык атамандар" клубу менен келишим түздү

Кыргызстандык боксчу Азат Үсөналиев (52 килограмм салмакта) “Украиналык атамандар” аттуу бокс клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу бокс боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов билдирет. Дүйнөлүк бокс сериясында Азат 2014-жылдын май айына чейин “Украиналык атамандардын” намысын коргойт. “Аталган бокс сериясындагы беттештер Азат үчүн чоң тажрыйба болот. Расмий мелдештерде Азат Кыргызстандын желеги астында гана чыгат”,- дейт Адылхан Бекболотов. Айта кетсек, клубдар арасындагы беттештерде башка өлкөнүн боксчулары да катышса болот. Салыштыруу иретинде айтсак, бул футболдогу легионер оюнчу сыяктуу. "Украиналык атамандар" 16-ноябрь күнү "Америкалык нокаут" клубу менен беттешет.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан