Ырчы Съездбек Искеналиев коронавируска каршы эмдөө алууга чакырат


Ырчы Съездбек Искеналиев калкты коронавируска каршы эмдөөгө чакырды. Анын видео кайрылуусун республикалык штабдан жарыялашты.

"Кыргыз элим, коронавирус инфекциясы дүйнө жүзүн каптады. Анын ичинде биздин элибизге да кыйынчылыктарды, оор жоготууларды алып келди. Дарт болгондон кийин сөзсүз дабасы да болот экен. Минтип дабасы табылып, вакцина иштелип чыкты. Баарыңыздарды вакцинаны алууга чакырат элем. Жакындарыңыз үчүн, өзүңүз үчүн. Бул илдет эртерээк жок болсун", - дейт ырчы кайрылуусунда.

Ырчы мырза менен байланышканыбызда өзү эмдөөдөн өтө электиги белгилүү болду.

Эске салсак, 11-июлда өлкө боюнча коронавируска каршы күрөшүүгө багытталган массалык эмдөө башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Adi010891
2021-08-04 09:24:34
Озу отпосо, элди чокусуна чакырып атабы?
+3
Dembele84
2021-08-04 09:36:52
Жон эле журчу айланайын,атын чыкпай калып эми ушуну ойлоп таптынбы?Еще озун да вакцина албасан сага эмне жок элге кайрылып!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан