Кыргызстандык футболчу Орусиянын Кубогунда өз дарбазасына гол киргизди

30-октябрь күнү футбол боюнча Орусия Кубогунда 1/16 финалдык беттештер орун алды. Анда курамында Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Валерий Кичин бар Улуттук футболдук лиганын өкүлү, Дзержинск шаарынын “Химик” клубу орусиянын чемпиону ЦСКА менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңилди. Валерий Кичин негизги курам менен талаа үстүнө чыгып, бир гол киргизди. Бирок голду ЦСКАнын эмес, өз дарбазасына киргизип алган. Ошентип, беттеш 2:1 эсебинде ЦСКАнын жеңиши менен аяктады. Валерий Кичиндин командасы болсо кечээ күнү Улуттук футболдук Лиганын үч клубу Премьер-лиганын өкүлдөрүн жеңип алып, жараткан сенсацияны уланта алган жок. Айта кетсек, 30-октябрь күнү Орусиянын
Премьер-лигасынын алдынкы клубдары "Зенит", "Локомотив" жана "Рубин" клубдары Улуттук Лиганын өкүлдөрүнө жеңилип, мелдештен четтеп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Vazir
2013-10-31 10:19:28
olturboso ele boldu emi Ozunun varatasina kirgizgenderdi so koychu emes ele
0
buran12
2013-10-31 10:29:23
Vazir, туура айтасын уруп токмоктобосо эле болду!
0
acer11
2013-10-31 11:07:23
buran12, Жакшы улуту орус экен башка болгондо вайвай.
0
Almabek
2013-10-31 11:10:11
Орустар оздору кыйратып ойноп атыптырбы? Азамат В. Кичин, за то гол уруптур!
+1
Real_Madrid95
2013-10-31 11:12:21
Эч нерсе деле болбойт, мындай автоголдор коп эле болот.
0
salfego
2013-10-31 11:29:06
sizder al mat4ty korboi ele jamandai berbegile! Himiktin en kozgo bazar oyun4usu Kichin ele boldu! Bul jash insandy biz koldoshubuz kerek! Antkeni al kyrgyz futbolunun kele4egi!
+3
friendwipkg
2013-11-03 15:51:14
мынча кайра-кайра 'сенсация жарата алган жок'-деп эле жабышып калгансынар суперкабарчылар. Аны улуттук командадан чыгарууну каалайсынарбы?
0
friendwipkg
2013-11-03 15:52:19
сенсация дайыма эле жарала бербейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан