Бүгүн Токиодо өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын 14-күнүндөгү спорттук иш-чаралар орун алууда. Олимпиада башталгандан бери Кыргыз өлкөсүнөн барган 16 спортчунун ичинен 14 спортчу күчүн сынап, алардын үчөө байгелүү орундарга жетишти. Тагыраагы грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов жана эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова күмүш байгени багындырса, Мээрим Жуманазарова коло медалды камсыздады.
Олимпиада алдындагы министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун убадасына ылайык, күмүш байгеге ээ болгон спортчуларыбыз, тагыраагы Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбековага мамлекет тарабынан 7 жарым миллион сомдон сыйлык тапшырылат. Ал эми өлкөгө коло медаль алып келген балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарова 5 миллион сом сыйлык алат.
Ошондой эле Кыргыз курама командасынын башкы жана улук машыктыруучулары, спортчунун жеке жана биринчи машыктыруучулары, Япониядагы биздин команданын дарыгери жана массажисти акчалай сыйлыктарга ээ болушат.
Эске салсак, "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндары 28-июлда башталган. Спорттук иш-чаралар 8-август күнү жыйынтыкталат. Буга чейин Кыргыз өлкөсүнөн барган спортчулардын 16сы мелдештерин аяктады. Ал эми эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев 6-августта, жеңил атлетика боюнча барган спортчубуз Дарья Маслова 8-август күнү мелдешке чыгат.