Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Түркияда өтүп жаткан мелдеште чейрек финалда жеңилди

Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина 28-октябрь-3-ноябрь аралыгында Түркиянын Стамбул шаарында байге фонду 25 миң доллар болгон мелдеште чейрек финалда утулду. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты жарыялады. 30-октябрь күнү Ксения Палкина мелдештин жупта ойноо бөлүгүнүн чейрек финалында өзбекстандык Нигина Абдураимова менен бирге грузиялык София Шапатава менен украиналык Анастасия Васильевага каршы беттешип, 4:6, 3:6 эсебинде жеңилип, аталган мелдештен калды. Айта кетсек, буга чейин Ксения Палкина мелдештин жалгыздан ойноо бөлүгүндө жеңилип, мелдештеги жолун токтоткон болчу.       

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан