"Манас" эл аралык аэропортунда башка бирөөнүн паспорту менен Түркияга учууга аракет кылган жаран кармалды

"Манас" эл аралык аэропортунда башка бирөөнүн паспорту менен Түркияга учууга аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан маалымдашты.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек-Стамбул багыты боюнча рейсти каттоо учурунда Кыргыз жараны чек арачыларга 1991-жылы туулган А.К.А.нын атына Кыргыз өлкөсүнүн чет элдик паспортун тапшырган.

"Чек ара кызматы паспорттогу сүрөт документти көрсөткөн адамга окшобогонун аныктады. Атайын текшерүү учурунда Кыргыз өлкөсүнүн жараны Стамбулга башка бирөөнүн паспортун колдонуп учууга аракет кылгандыгы белгилүү болду.

Кармалган 1995-жылы туулган жарандын айтымында, ал Түркиянын аймагына кирүүгө тыюу салынгандыктан мамлекеттик чек арадан өтүү үчүн башка бирөөнүн паспортун колдонгон.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти атайын кызматтан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан