ФИФАнын башчысы Йозеф Блаттер Криштиану Роналдуга айткан сыны үчүн кечирим сурады

ФИФАнын башчысы Йозеф Блаттер Оксфорд университетинин студенттери менен болгон жолугушууда "Месси кыйынбы же Роналдубу?" деген суроого жооп берип жатып Роналду тарапка бир топ сындарды айткан видеосу тарап кеткен. Анда Йозеф Блаттер: “Биринчиден, Месси жакшы жигит. Месси футболду мыкты, бийлеген сыяктуу ойнойт. Роналду болсо талаада башкарууну жакшы көрөт. Ошондуктан мага Месси жагат”,- деп айткан. Бул билдирүүдөн кийин Португалия Футбол федерациясы, “Реал” клубунун президенти Флорентино Перес Йозеф Блаттерге антип Криштиану Роналдуга сын такканы туура эмес жана аталган видео быйылкы жылы берилүүчү “Алтын топ” сыйлыгына добуш берүүгө таасирин тийгизиши мүмкүн деп жазылган кат жөнөткөн. Бул катка Йозеф Блаттер: “Оксфорд университетиндеги жолугушуунун соңунда алып баруучу мага "Месси же Роналдунун бирин тандаңыз" деп айткан. Мен "ар бир ата-эне Мессидей баласы болушун кыялданат" деп жооп бергем. Менин жообум Роналдуга же “Реалдын” күйөрмандарына катуу тийсе, кечирим сурайм. Роналду менен Месси мен үчүн бирдей жогорку деңгээлдеги оюнчулар”,- деп жооп жөнөткөн. Ал эми Роналду социалдык тармактардын бириндеги жеке баракчасына Йозеф Блаттердин видеосун жүктөп, “Бул видео ФИФАнын мага, менин клубума жана өлкөмө болгон мамилесин көрсөтөт. Урматтуу Блаттер көп жашап, өзүнө жаккан оюнчунун жана команданын ийгиликтерине күбө болуп жүрө беришин каалайм”,- деген билдирүүсүн калтырган.      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bekzhan
2013-10-31 13:25:12
Ronaldo ЫЙЛАК.xe xe
0
Ernst
2013-10-31 14:28:56
ranaldo altyn topko ylaiyk.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан