Акжол Махмудов: "Финалда мага ишеним жетишпей калды, тактикадан ката кетирип алдым"

Бүгүн, 7-августта "Манас" эл аралык аэропортуна Токиодон кыргыз спортчуларынын бир бөлүгү учуп келет. Аларды тосуп алууга журналисттер жана атайын дерекциянын өкүлдөрү, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, белгилүү спортчулар, маданияттын мыктылары дагы келишти.

Спортчулар аэропорттон маалымат жыйын өткөрүштү. Анда журналисттердин суроолоруна машыктыруучулар, спортчулар жооп беришти.

Күмүш медалдын ээси Акжол Махмудов берилген суроолорго жооп берип жатып, финалда өзүнө ишенбей кеткени тоскоол болгонун айтты.
"Чынын айтсам, менде бардык мүмкүнчүлүк бар болчу. Финалда мага кичине ишеним жетишпей калды. Анан дагы бир аз тактика жагынан ката кетирдим. Мен муну ар дайым эске алам. Күмүш медалга ыраазымын", - деди Махмудов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан