"Токио-2020" Олимпиада оюндарындагы күмүш медалдын ээси Айсулуу Тыныбекова аянттагы элди ыйлатты

Бүгүн, 7-августта Токиодо өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар өлкөгө кайтып келишти. Аларды тосуп алуу аземи учурда "Ала-Тоо" аянтында уланууда.

Салтанатка президент Садыр Жапаров келип, спортчуларыбыз жана алардын машыктыруучулары кызыл килемден өтүштү. Өлкө башчынын куттуктоо сөзүнөн кийин балбан Айсулуу Тыныбекова сөз сүйлөдү.

"Мен күмүш медаль алып калганымда аябай көңүлүм чөгүп кетти. Бирок сиздердин колдооңуздарды көрүп, күмүш медалдын баасын билдим, маанайым көтөрүлдү. Мен 2016-жылы сиздерге алтын медаль алып берем деп убада бердим эле. Мен сиздерге берген убадама тура албай калдым, ошол үчүн кечирим сурайм", - деди Тыныбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jaka1978
2021-08-07 17:08:30
Айсулууну көрсөм эле ыйлагым келет, сүйүнүчтүн көз жашы
+8
jaskaaa
2021-08-08 09:42:03
Jaka1978,мен дагы.
+1
Ozgocho111
2021-08-07 20:08:51
Азаматсын алтын кыз, таазим сага азамат!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан