Бишкек шаардык кеңештин депутаты ээнбаштыкка шектелип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты ээнбаштык беренеси боюнча шектелип убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул туурасында Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мекеменин маалыматына ылайык, шаардык кеңештин депутаты Т.Т. өз эрки менен "МР-79-9" үлгүсүндөгү тапанчасын огу менен укук коргоочуларга тапшырды.
"7-августта саат 06:55 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда Ак-Ордо конушундагы турак үйлөрдүн биринде К.А. аттуу жарандын бутуна ок тийгени кабарланган. Жабырлануучу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна "Тез жардам" кызматы менен жеткирилген.
Жабырлануучу К.А`нын жубайынын айтымында, жолдошу менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты телефон аркылуу уруша кетишкен. Көп өтпөй эле депутат Т.Т. ак түстөгү унаасы менен К.А.нын үйүнө келген. 10 мүнөттөн кийин ок атылган үндү угуп, сыртка чуркап чыкканда жолдошу жаракат алган абалда жерде жатканын көргөн. Бул арада Т.Т. унаасына отуруп, жогорку ылдамдыкта белгисиз тарапка кетип калган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене ("ээнбаштык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда тергөө иштери улантылууда", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Gulina90
2021-08-08 09:20:12
Мындай көпкөн келесоолорду камап,эсине келтириш кк.
+12
Men_ele
2021-08-08 09:31:54
Жепжутаттардын анык жүздөрү ачыла баштадыбы уже...
+8
Rusi79
2021-08-08 10:17:26
Депутат деген соз бандит деген маанидей сезилип калды.
+12
Asmat84
2021-08-08 11:01:56
Rusi79, сезилбей эле өзү бандиттер да депутаттар. Баарынын бизнеси бар. Баары карапайым элди тоногону тоногон
+10
Kuban-1207
2021-08-08 11:03:03
Депутат деген сөздү укканда жырткыч жаныбарды элестетем.
+12
Aimani
2021-08-08 11:09:59
Ээнбаштык деген эмнеси.адам омуруно кол салуу болуп атса.депутат болсо эле кылмышын женилдетип беришеби.
+10
Noon
2021-08-08 22:13:38
Aimani,туура
+1
Rifle_I
2021-08-08 16:18:18
К.А. Т.Т. дебей эле жаза бергиле да. Башка сайттарда аты фамилиясы менен жазылып турат ачык эле. Тергеп каласыңар да жеңелерге окшоп
+4
Eduard71
2021-08-09 11:43:05
депутаттык кол тийбестикти алуу керек. болбосо азыр баары эле эптеп депутат мандатын алып эле каалаганын жасап калды.бизнес.криминал ошолордуку
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан