Буга чейин "Барселона" клубу команданын капитаны Лионель Мессинин кетерин жарыялаган. Бүгүн, 8-августта футболчу клубдан кеткени боюнча маалымат жыйын өткөрүп, анда көзүнө жаш алды.
Лионель Месси маалымат жыйын башталганда эмоцияларын жашыра албай, көздөрү жашылданды. "Мен "Барселонадан" кетеримди элестете алган эмесмин", - деди ал.
Мукактанган футболчуга журналисттер кол чабуулары менен колдоо көрсөтүштү.