23-июлда башталган "Токио-2020" XXXII Жайкы Олимпиада оюндары 8-август күнү жыйынтыкталды. 16 күнгө созулган спорттук иш-чараларга 206 өлкөдөн 12 миң 500 спортчу катышып, 41 спорт түрүнөн жалпы 339 медаль үчүн ат салышышты.
Кыргыз өлкөсү медалдык жалпы жыйынтыкта 2 күмүш, 1 коло менен Олимпиадалык рейтингде 70-орунга жайгашты. Бул тизменин сап башында 39 алтын, 41 күмүш жана 33 коло медаль менен Америка Кошмо Штаттары орун алган. Андан соң Кытай 38 алтын, 32 күмүш, 18 коло байге менен 2-орунга жайгашса, Япония өлкөсү 27 алтын, 14 күмүш, 17 коло медалы менен алдыңкы үчтүктү жыйынтыктады.
Ал эми Орто Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан 3 алтын, 2 коло байгеси менен 32-орунга жайгашты. Андан кийин эле Кыргыз өлкөсү 70-орунда. Түркмөнстан 1 күмүшү менен 77-катарда, Казакстан 8 колосу менен 83, ал эми Тажикстан өлкөсү Олимпиададан эч бир медалсыз кайтышты.
Белгилей кетсек, "Токио-2020" Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан спорттун 6 түрүнөн жалпы 16 спортчу барган. Алардын ичинен грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов күмүш медалга жетишкен. Ал эми эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова дагы күмүш, Мээрим Жуманазарова коло байгени багындырды. Бул эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн Олимпиада тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды.
Белгилей кетсек, кийинки Олимпиада оюндары 2024-жылы Франциянын Париж шаарында өтөт.