"Барселонанын" мурдагы чабуулчусу Лионель Месси клуб менен коштошууга арналган маалымат жыйында жакынкы күндөрү франциялык ПСЖ клубуна өтүшү мүмкүн экендигин билдирди.
"Менин "Барселона" менен болгон жаңы келишимим толугу менен даяр болчу. Мен калгым келген. Баары дапдаяр болчу. Бирок мен эс алуудан келгенде Лапорта (ред.: Жоан Лапорта "Барселона" клубунун президенти) баарын түшүндүрдү. Баары акыркы мүнөттөрдө өзгөрүп кетти. Мындай болбошу керек эле.
Ал эми ПСЖ боюнча айтсак, ооба, бул дагы мен үчүн бир вариант. Бирок азырынча эч нерсе белгилене элек. Мен клубдан кетерим менен өтө көп чакыруу алдым. Биз азыр баарын талкуулап жатабыз.
"Барселона" менен эч кандай көйгөй болгон жок. Мен майда-чүйдө иштерге да макул болчумун. Биз бардык тараптан макулдашканбыз. Мен "Барселонада" каларыма ишенгем. Бирок "Ла лиганын" эрежелеринен улам бул мүмкүн эмес болуп чыкты.
Клубдан кетип жатканым үчүн капамын. Мен "Барселонаны" жакшы көрөм. Бул жакта калуу үчүн болгон күчүмдү жумшадым", - деп билдирген аргентиналык чабуулчу өз сөзүндө.
Белгилей кетсек, 5-августта Барселона расмий түрдө Мессинин клубдан кеткенин жарыялаган. Андан соң аргентиналык жылдыздын франциялык ПСЖ клубу менен 2 жылга келишим түзөрү айтылып жаткан. Ошондой эле кечээ, 8-август күнү ПСЖ клубу Лионель Мессини күйөрмандары менен тааныштыруу аземин 10-августка белгилегенин чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты. Ал тургай франциялык клуб бул салтанат үчүн Эйфел мунарасын ижарага алганы да кабарланууда.