Кыргызстандык Дастан Лепшаков 30-октябрдан 2-ноябрь аралыгында Орусиянын Рязань шаарында өтүп жаткан бильярддын “эркин пирамида” түрү боюнча Дүйнө чемпиондугунда 3-беттеште жеңилди. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жарыялады. Бүгүн, 31-октябрь күнү орун алган беттеште Дастан Лепшаков молдовалык Сергей Крыжановский менен кез келип, 5:3 эсебинде утулуп калды. Эми Дастан Лепшаков мелдеш алкагында дагы бир беттеш өткөрөт. Мелдешке катышкан башка кыргызстандык спортчулардан Канат Жолдошбеков, Улукман Карагулов, Бектур Арзыматов, Рысбек Асанбеков жана Ызатбек Раатбеков биринчи эки беттештеринде жеңилип, мелдештен четтеген.