Кыргыз мушкери Рафаэль Физиев акыркы беттеши үчүн 50 миң доллар кошумча сыйлык алат

UFC 265 турниринин алкагында өткөн беттештердин ичинен мекендешибиз Рафаэль Физиевдин америкалык мушкер Бобби Грин менен болгон беттеши эң мыкты деп табылып, "кеченин беттеши" аталды. Эми аталган эки мушкер күйөрмандар үчүн мыкты беттеш өткөрүп беришкени үчүн 50 миң доллардан кошумча сыйлык алышат. Бул тууралуу UFC уюмунун сайтына жарыяланганын чет элдик басылмалар жазышты.

Белгилей кетсек, UFC 265 турнири 8-август күнү АКШнын Техас штатындагы Хьюстон шаарында болуп өткөн. Анда кыргыз мушкери Рафаэль Физиев америкалык мушкер Бобби Грин менен кез келген. Беттеш жалпы 3 бөлүккө созулуп, калыстардын чечими менен Рафаэль Физиев жеңишке жетишкен.

Мелдештен соң UFC уюму эки мушкердин ортосундагы тирешти "кеченин беттеши" деп атады.

Бул кыргыз мушкеринин катары менен төртүнчү жеңиши.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан