Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы күз айларында бир канча жолдоштук беттеш өткөрөт. Мелдештер 2023-жылы өтө турган Азия Кубогуна тандап алуу оюндарына даярдык көрүү максатында орун алат. Бул тууралуу Кыргыз Футбол Федерациясынын сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жолдоштук беттештердин алгачкысы Палестина өлкөсүнө каршы 2-сентябрь күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда орун алат.
Белгилей кетсек, эки өлкөнүн курамалары буга чейин 5 жолу футбол талаасында кез келишкен. Алардын биринде Кыргыз өлкөсү жеңишти камсыздаса, бир жолкусунда Палестина утуп алган. Ал эми командалар 3 оюнда тең чыгышкан.
Ал эми алдыдагы оюнда күйөрмандардын стадионго кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берилип-берилбеши тууралуу маалыматтар жакынкы күндөрү айтылары кабарланды.
Эске салсак, улуттук курамабыз акыркы жолу 15-июнда футбол боюнча Дүйнө Чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Япония өлкөсү менен беттеш өткөрүп, 5:1 эсебинде жеңилип калган.