Сергей Дворянков: “Жолдоштук беттеште оюнчулар өлкө намысы үчүн татыктуу беттеш өткөрүшү керек”

Бүгүн, 31-октябрь күнү Индонезиянын Жакарта шаарында 1-ноябрь күнү өтүүчү футбол боюнча Кыргызстан менен Индонезия курама командасынын жолдоштук беттеши алдында команда машыктыруучулары маалымат жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирди. Анда Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков: “Түрдүү себептерден улам курама командага 16 футболчу гана келип кошулду. Чет жерде ойногон оюнчуларды курамга кошуу мүмкүн болгон жок. Расмий оюндарда оюнчулар упай же кубок үчүн ойношсо, жолдоштук беттеште өлкө намысы үчүн татыктуу беттеш өткөрүшү керек”,- деди. Ал эми курама команданын чабуулчусу Мирлан Мурзаев: “Буга чейин эки команда бири-бири менен беттешкен эмес. Биз акырына чейин жеңишке гана ойнойбуз. Беттеш көрүүчүлөргө жагат деп ишенебиз”,- дейт. Ал эми Индонезиянын башкы машыктыруучусу бразилиялык Жексон Ферейрра “Кыргызстан курама командасы биздин чакыруубузга келгени үчүн ыраазычылык билдиребиз жана жооптук беттеш да өтөт деп ишенебиз” деген оюн айтса, журналисттерди Кыргызстан негизги курам менен келгени кызыктырган. Эске салсак, бул жолдоштук беттештерди Кыргызстан курама командасы 2014-жылы өтүүчү АФКнын Чакыруу Кубогуна даярдык иретинде өткөрүп жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sibiryak
2013-10-31 14:44:58
Ийгилик каалайм биздин жигиттерге!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан