Атактуу орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулун дагы 1-2 беттеште мыкты болсо, UFC уюмуна киргизип берет. Бул тууралуу кыргыз мушкери SUPER.KG порталына берген маегинде айтты.
"Хабиб Нурмагомедов Краснодарда беттешкенимде мага күйөрмандык кылыптыр. Анан Чолпон-Атада өткөн "EFC 38" турниринде дагы чын жүрөгүнөн мени колдогону мага дем-күч берип жатты. Себеби Хабиб дегеле спорт чөйрөсүндө атагы чыккан дүйнөдөгү эң белгилүү мушкерлердин бири.
Беттештен кийин дагы келип өзүнүн тажрыйбасын, ой-пикирин, сунуштарын айтты. Эгерде бир-эки жолу жакшы беттеш өткөрсөң, мен өзүм UFC'ге киргизем деген сунушун айтты", - деди Бусурманкул Абдибаит уулу.
Бусурманкул Абдибаит уулу 3-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн "EFC 38" турниринде орусиялык Руслан Яманбаевди техникалык нокаут менен жеңип, чемпион аталган.