"Барселона" клубу Лионель Мессинин клубдан кетиши менен 137 миллион евро жоготот

Аргентиналык атактуу футболчу Лионель Мессинин "Барселона" футболдук клубунан кетиши каталондук клубду 137 миллион евро зыянга учуратат. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, "Барселона" клубу Лионель Мессинин кетиши менен демөөрчүлүк боюнча 77 миллион евро, футболкаларды жана башка товарларды сатууда 43 миллион евросун жоготот.

Буга чейин Лионель Месси 30-июнда келишими аяктаган "Барселона" клубунун кайра жаңы сунуштаган келишимине макул болгондугу, бирок бул келишим тууралуу расмий жарыялана электиги тууралуу маалымат чыккан. 6-августта клуб футолчу клубдан кетерин расмий жарыялаган.
34 жаштагы аргентиналык футболчу өзүнүн карьерасынын бардыгын, тагыраагы 17 жылын каталониялык клубда өткөргөн. "Барселона" менен Месси төрт жолу Чемпиондор Лигасын жеңип алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Apyn8793
2021-08-10 02:18:48
Банкрот болот экен да
+2
Pankration_MMA
2021-08-10 05:00:58
Барселона 137 млн жоготот, ПСЖ 137 млн го иштейт, м.а, Барса 137 млнду Псжга которот)).
0
BakytbekAbdubakhapov
2021-08-10 08:10:26
Автор матем боюнча олимпиадага барсаныз болчудай экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан