Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын чабуулчусу Гүлжигит Алыкулов карьерасын орусиялык "Рубин" клубунда улантышы мүмкүн. Бул тууралуу Казакстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Рубин" клубу учурда "Динамого" которулган оюнчусу Денис Макаровдун ордуна жаңы чабуулчу издөөдө. Анын үстүнө Орусия Премьер-Лигасынын учурдагы эрежелерине ылайык, "Рубин" клубу тек гана Евразиялык экономикалык биримдиктин курамындагы өлкөлөрдүн паспортун колдонгон гана футболчуларды ала алышат. Ал эми кыргыз футболчусу талаптарга ылайык келери кабарланды.
Азыркы тапта "Рубин" клубу көздөп жаткан 4-5 футболчунун ичинде Гүлжигит Алыкулов негизги талапкер экендиги маалымдалды.
Белгилей кетсек, кыргыз футболчусу учурда Казакстандын "Кайрат" клубунда оюн алып барууда. Ал аталган клуб менен өткөн жылдын башында 2023-жылга чейин келишим түзгөн. Акыркы сезондо мекендешибиз "Кайраттын" формасы менен 17 оюнга чыгып, 3 гол жаратып, 3 голдук пасты ишке ашырууга жетишкен. Ошондой эле Казакстан Кубогунда 5 оюн, Чемпиондор Лигасына тандап алуу оюндарында 4 оюн, Европа Лигасына тандап алуу беттештеринде 1 оюн өткөргөн.