Бишкекте оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгеси үчүн мелдеш өтөт

19-22-ноябрь аралыгында Бишкекте Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда оор атлетика  боюнча Дүйнөнүн 4 жолку, Европанын 2 жолку жана Олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгеси үчүн 26-Эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Мелдешке Кыргызстандын аймагынан башка чет өлкөлүк спортчулар да катышат. Анда спортчулар төмөнкү салмак даражалар боюнча ат салышат:

Эркектер:

56, 62, 69, 77, 85, 94, 105 жана 105 килограммдан өйдө салмакта.

Кыздар:

48, 53, 58, 63, 69, 75 жана 75 килограммдан өйдө салмакта.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан