"Барселонанын" мурдагы чабуулчусу Лионель Мессинин атасы Хорхе Месси уулу "ПСЖ" клубуна өтөрүн ырастады. Бул тууралуу ал Барселонанын аэропортунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдиргенин чет элдик булактар жазып чыгышты.
Ага журналисттер төмөндөгүдөй суроолорду беришкен:
- Месси бүгүн "ПСЖ" менен келишим түзөбү?
- Ооба.
- Мессинин кетишине ким күнөөлүү?
- "Барселонадан" сурагыла.
- Уулуңуз капа болуп жатабы?
- Аны көргөн жоксуңарбы? деген Хорхе Месси.