Кыргыз өлкөсү - Палестина: Мирлан Мурзаев менен Валерий Кичин эмне себептен улуттук курамага чакырылган жок? Кыргыз футболдук союзунун жообу

"Ак шумкарлардын" негизги курамында ойногон чабуулчу Мирлан Мурзаев менен коргоочу Валерий Кичин алдыдагы жолдоштук беттештерде жаш футболчуларга мүмкүнчүлүк берүү үчүн улуттук курамга чакырылган эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Футболдук союздан билдиришти.

"Күз айларына белгиленген оюндар жөн гана эки өлкө ортосундагы жолдоштук беттештер болуп саналат. Бизде жаш футболчулар көп болгондуктан, машыктыруучулардын штабы алдыдагы оюндарда жаштарга мүмкүнчүлүк берүүнү туура көрдү. Ал эми маанилүү беттештерде аталган футболчулар кадимкидей эле негизги курамга чакырылат", - деп билдиришти Кыргыз футболдук союзунан.

Белгилей кетсек, буга чейин күз айларындагы жолдоштук беттештерде оюн алып бара турган футболчулардын тизмеси жарыяланган. Бирок мурдагы оюндарда негизги курамда талаага чыгып жүргөн айрым футболчулар тизмеге кирбей калган.

Эске салсак, футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы күз айларында бир катар жолдоштук беттештерди өткөрөт. Анын алгачкысы Палестина өлкөсү менен 2-сентябрь күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алат. Жолдоштук беттештер Азия Кубогу - 2023 оюндарына даярдык иретинде өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан