Аргентиналык атактуу чабуулчу Лионель Месси Францияга барып, аэропортто чогулган күйөрмандарын кол булгалап куттуктады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 34 жаштагы чабуулчу "Бул Париж" деп жазылган футболканы кийип, ачык терезенин алдында турганда күйөрмандарына колун булгалаган. Жакын арада Месси медициналык кароодон өтөт жана ал француз клубу болгон келишимге кол коёру күтүлүүдө.
Ошол эле учурда Месси Париждеги эң атактуу RM мейманканасына жайгашкан. Бул мейманканага кардарлар бир күн түнөө үчүн 15 миң евро төлөшөт.
Буга чейин Лионель Месси 30-июнда келишими аяктаган "Барселона" клубунун кайра жаңы сунуштаган келишимине макул болгондугу, бирок бул келишим тууралуу расмий жарыялана электиги тууралуу маалымат чыккан. 6-августта клуб футболчу клубдан кетерин расмий жарыялаган.