Лионель Месси бонустарды кошкондо ПСЖда жылына 35 миллион евро алат. Келишим - "2+1" схемасы боюнча. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Буга чейин Лионель Месси ПСЖ менен келишим түзгөнү айтылып, "Парк дэ Пренс" стадионуна ПСЖ клубунун формасын кийип чыккан.
Маалыматка ылайык, Месси менен ПСЖ клубу эки жылдык жана дагы бир жыл узартуу укугу менен келишим түзүшкөн. Аргентиналык футболчунун айлыгы бонустарды кошкондо жылына болжол менен 35 миллион еврону түзөт.
Ал эми Месси "Барселонада" канча акча тапчу?
ПСЖнын Мессиге сунуштаган каражаты ал "Барселонадан" алган суммага тең келбейт. Акыркы төрт жылдык келишиминде Месси салыктардан кийин 284 миллион евро алган. Бир жыл ичинде аргентиналык футболчу 71 миллион евро тапкан.