Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү

Кыргыз балбаны Акжол Махмудов "Токио-2020" Олимпиадасында жараткан ийгилигинен соң Дүйнөлүк күрөш уюмунун (United World Wrestling) рейтингинде 2-орунга көтөрүлдү. 77 килограммга чейинки салмактагылар арасындагы рейтингде 1-орунду Токио Олимпиадасынын финалында Акжол Махмудов менен күрөшкөн венгриялык балбан Тамаш Лёринц ээлеген.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды багындырган.

Бул Кыргыз өлкөсү үчүн акыркы 13 жылдан бери алгачкы Олимпиада медалы болду. Ошондой эле Акжол Махмудов эгемендүү кыргыз тарыхындагы Олимпиаданын финалына чыккан экинчи спортчу болуп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан