Каныкей Кубанычбекова Олимпиадада жеңилүү ага оор болгонун айтты

"Токио-2020" Олимпиадасында спорттун ок атуу түрү боюнча катышкан Каныкей Кубанычбекова ага карата айтылган сын-пикирлерге капа болбой тургандыгын, тескерисинче аларга ыраазы экендигин айтып өттү.

"Чынында мени урушкандар туура эле урушуп жатышат. Анткени 1-орунду алсам эч ким урушпайт эле. Алар дагы татыктуу сын-пикирлерди айтып жатышат. Алардын баарына ыраазымын. Мени мыкты спортчу болсун, өссүн деп жатышат. Анын аркасында өсүүнү көрүп жатам.

Өзүм дагы утулуп калдым. Буга чейин сынактарда жеңилүү болчу, бирок аларды жеңил кабыл алчумун. Олимпиадада жеңилүү оор болду. Агайым экөөбүз тең капа болдук. Күтүлбөгөн жыйынтыкты көрсөттүм", - деди Каныкей Кубанычбекова.

Ошондой эле ал спорттун ок атуу түрү менен 2010-жылдан бери машыгып келерин кошумчалап өттү.

Каныкей Кубанычбекова: "Париж олимпиадасына даярдыкты баштадым"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Federik
2021-08-11 15:02:53
Болду эми актана бербей,болор иш болду эми жакшы даярдан окунбош учун.
-1
JYRT
2021-08-11 15:13:09
Кой айланайын колунан келбейт таштап эле кой Элди да кыйнабай озунду да кыйнабай
-1
KaGaH
2021-08-11 16:31:29
Мурун жеңип жүргөнсүп, жеңилүү оор болду деп коёт )))
-4
Leonardo_
2021-08-11 17:44:56
Жеңилүү кимге эле жаксын барына эле оорр болотда аны барыбыз эле билебиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан