UFC: Жеңиш менен Бишкекке кайтып келген мушкер Рафаэль Физиевди эч ким тосуп алган эмес (видео)

8-август күнү "UFC 265" турниринде америкалык мушкер Бобби Гринди жеңип, катары менен төртүнчү жеңишин камсыздаган мекендешибиз Рафаель Физиев Кыргыз өлкөсүнө кайтып келди. Бул тууралуу интернет колдонуучуларынын бири социалдык тармак аркылуу билдирип, мушкердин мекенине келгендеги видеосун жарыялады.

Андагы маалыматка караганда, белгилүү мушкерди аэропорттон туугандары менен достору гана тосуп алган.

"Биздин чемпионду аэропорттон үй-бүлөсү гана тосуп алды. Болгону жубайы, балдары жана туугандары... Ал дүйнөлүк деңгээлде биздин желегибиздин астында чыгып жүрөт. Аны эч ким кандайдыр бир сыйлык менен сыйлап коёюн деген да жок. Ал эми Хабибди Кудайдай кылып урмат-сый менен президент баш болуп, бардык өлкө жарандары тосуп алышкан", - деп калтырган колдонуучулардын бири.

Белгилей кетсек, Рафаэль Физиев Бобби Гринди жеңип, катары менен төртүнчү жеңишине жеткен соң, UFC уюмунун жаңыланган рейтингинде жеңил салмактагы эң мыкты 15 мушкердин катарына кирген. Учурда Дастин Порье, Конор Макгрегор сыяктуу белгилүү мушкерлер орун алган рейтингде мекендешибиз 14-орунда турат.

Физиевдин мекенине келгендеги видеосу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Asmat84
2021-08-11 19:06:44
Чындап кыргыз өлкөсүнүн желегин желбиретип жүргөн адамдарды бир мамлекеттик деңгээлде тосуп алса болмок...
+24
Dembele84
2021-08-11 19:06:57
Биздикилер бироого пахта койгонду жакшы корот.Озундо бар алтынды баалай албай,башка аты улуураактын артынан жургонду жактырат.Эртен башка мамлекет чакырып,сыйлап ошол мамлекеттин атынан чыкса отурасынар анан
+18
elinur
2021-08-11 19:14:07
Жогорку жактагы башчылар баардык спортчуларды бир денгелде караш керек болчу бул спорчубуздан алардын чонтогуно пайда болбогондурда барбаганына караганда
+10
Leonardo_
2021-08-11 23:14:20
elinur, биз билбейбиз бизден сураба Аллах билет кафур эмнеге тосподу же тосту деп сага эмне кереги бар бизде билгич касиетибиз жок
-3
Aidan_Ek
2021-08-12 00:29:29
Leonardo_,Сага минус бассам плюс болуп кетти. Озун ошондой окшойсун ээ.
+2
Samash-87
2021-08-11 19:35:30
Качан кыргыздын желегин которуп чыкты эле?оздорунун баш кийимин кийип журот го
-7
marat-ju
2021-08-11 19:48:17
Samash-87,биздин эле желекти көтөрүп чыгып жүрөт жаңылбасам
+5
KG-312
2021-08-11 20:45:12
marat-ju, Көтөрүп чыкты, анан эмне болду?
-8
Antiradikal3
2021-08-11 21:31:37
KG-312, атандын чокусу деген кинону кордун беле? Коруп кой, кызык кино.......
+13
heaven2016
2021-08-11 19:53:58
Хабибке окшогон маймылды кудай көрүп алган биздин дакансалар
+7
Leonardo_
2021-08-11 23:15:31
heaven2016,аа Чын эле ошондой бу анда айтып кой намаз окусун кудай башка экенин айтып кой кафур
-6
Aidan_Ek
2021-08-12 00:26:12
Leonardo_, Баарын кафур дегенге сага ким укук берди?
+4
KG-312
2021-08-11 20:44:35
ЮФС расмий спорко кирбейтта, ал болгону жырткычтарский оюн, же короз уруштун эле бир түрү!
-5
TIMON_BERKOWITZ
2021-08-11 21:18:42
Тосуп алчу адам болбосо демек көзгө көрүнө элек. Топ 5ке чыкканда көрөсүңөр сыйды. Минген атына жараша салам берет бизде)
-1
Antiradikal3
2021-08-11 21:33:23
TIMON_BERKOWITZ, топ 15ке кируунун озу, UFCге илешип ал жерде ийгилик жаратуунун озу чон жетишкендик. Адашпасам Валентина экоонон башка эч ким да жок Кыргызстандын атынан.
+6
Antiradikal3
2021-08-11 21:35:10
Хабибди пайгамбардай коргон радикал карангылар менен Жапаров, Ташиевдин эрке талтандарын мындайда издеп да таппайсын.

Хабиб келсе Кудайындай тосуп алышат, Жапаров озу баш болуп. Бул бугунку "колхоз" бийликтин жузу!!!
+3
Leonardo_
2021-08-11 23:16:30
Antiradikal3, Аа Кафур тура айтасын Айтып кой анда барып кудай башка ал Жалгыз Аллах деп
-3
ulanbek2000
2021-08-12 00:04:22
Leonardo_,ойлонуп суйлочу. Аны кафыр дегидей башка динге сыйынганын көрдүңбү.
+4
ulanbek2000
2021-08-12 00:00:44
Antiradikal3,кошулам
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан