Бир канча жылдан бери залалдуу шишик дартынан жабыркап келе жаткан ырчы, кылкыякчы Гүлнара Сыдыкбекова бүгүнкү күндө бул дарттын 4-стадиясы менен жабыркап жатат. Гүлнара айым менен кабарлашканыбызда, учурда кургак химия менен дарыланып жатканы белгилүү болду.
"Июль айында химия алгам, кан тамырларым жарылып, анализ алганга да мүмкүн болбой калды. Бүгүндөн баштап кургак химия алууга өттүм. Былтыр төшүмдү алдыргандан кийин колтугума суу толуп, жарым жылдай суу алдырып жүрдүм. Ошондон бери колум шишип жатат.
Жалпысынан мен 15 жолу химиятерапия жасаттым, операцияга чейин 6, андан кийин 9 жолу химия алдым. Дарыгерлер залалдуу шишик дартынын 4-стадиясы менен жабыркап жатканымды айтышты", - деди ал.
Гүлнара Сыдыкбекова төштүн залалдуу шишик дарты менен 11 жылдан бери күрөшүп келет. Былтыр октябрь айында ага операция жасалган.