Бүгүн, 11-августтан 12-августка караган түнү Европа Суперкубогу үчүн "Челси" менен "Вильярреал" ойнойт.
Оюн Түндүк Ирландиянын борбору Белфасттагы нейтралдуу "Уиндзор Парк" стадионунда болот.
Старт ышкырыгы Бишкек убактысы боюнча 01:00дө башталат. Футбол күйөрмандары стадионго кирип оюнга күбө боло алышат. Маалым болгондой, 13 миңге чейин көрүүчүлөр трибуналарга кире алышат.
Былтыр, 2020-жылы Европа Суперкубогун мюнхендик "Бавария" клубу жеңип алган.