Бүгүн, 12-августта Токио Олимпиадасына барган улуттук кураманын акыркы мүчөлөрү Кыргыз өлкөсүнө кайтып келишти. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчуларды "Манас" аба майданынан Кыргыз өлкөсүнүн күрөш федерациясынын өкүлдөрү, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин кызматкерлери, спортчулардын туугандары жана достору тосуп алышты.
Токиодон кайткан спортчуларыбыздын арасында эркин күрөш боюнча балбандар Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев, жеңил атлетчи Дарья Маслова бар. Ошондой эле улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Русланбек Маджинов, улук машыктыруучу Сүймөнкул Таабалды уулу, башкы дарыгер Бактыгүл Алишева, укалоочу (массажист) Константин Еремич, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Шабданбаев, Олимпиадалык спорт түрлөрү дирекциясынын башчысы Нурлан Исмаилов да кайтып келди.
Белгилей кетсек, Токио Олимпиадасы 23-июлда башталып 8-август күнү жыйынтыкталган. Ага Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу барган. Улуттук кураманын биринчи бөлүгү 7-августта кайтып келген.