ЭЛДИК КАБАР: "Киркомстром тарапка кичи автобус күтө берип жумуштан кечигебиз" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман кайрылып, Ак-Ордо жана Ак-Өргө конушунун тургундары үчүн мүмкүнчүлүк болсо автобус беришсе деген оюн билдирди.

"Биз Ак-Ордо жана Ак-Өргө конушунун тургундары Алыкулов көчөсүнөн Киркомстром тарапка эртең менен жана кечинде кичи автобус күтө берип тажадык! Аралыктары алыс же толо келишет. Токтобой өтүп кетишет. Кичи автобус күтө берип жумуштан кечигебиз, кээде 1 сааттан ашык күтөбүз. №200 жана 192- кичи автобус жүрөт. 200-кичи автобустун каттамына автобус кошуп берсе жакшы болмок. Эл кыйналды", - деген пикирин айтып өттү.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2021-08-12 12:03:43
Туура эл кыйналды
+1
Kuban-1207
2021-08-12 12:04:17
Автобус киргизсе жакшы болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан