Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде 1-орундан түшкөн жок

Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) рейтингинде 1-орунду сактап калды. Бул тууралуу аталган уюмдун Токио Олимпиадасынан кийинки жаңыланган рейтингинде көрсөтүлдү.

Тизменин 2-сабында "Токио-2020" Олимпиадасынын финалында Айсулуу Тыныбекованы жеңип алган япониялык балбан кыз Юкако Каваи жайгашкан. 62 килограмм салмак категориясында түзүлгөн рейтингдин кийинки катарларында Украина, Орусия, Индия, Болгария, Монголия, Бразилия, Казакстан жана канадалык балбан кыздар орун алган.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалында болгариялык балбан кыз Тайбе Юсейинди жеңип, Дүйнө чемпиону болгондон кийин аталган рейтингде 1-орунга көтөрүлгөн. Ошондон бери алдыңкы саптан түшпөй келет.

Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова Токиодо өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында финалга чейин жетип, Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында айымдар арасында алгачкылардан болуп күмүш медалды багындырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Men_ele
2021-08-12 15:38:43
Түшпөй кой такыр.
+6
Bekkushmat
2021-08-13 04:29:00
Садаган болойун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан