"ПСЖ" клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе "Реал Мадрид" клубуна өтөбү?

"Реал Мадрид" клубунун жетекчилиги "ПСЖнын" чабуулчусу Килиан Мбаппеге сезон үчүн 25 миллион евро маяна убада кылды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган клуб 22 жаштагы футболчуга 6 жылдык келишим сунуштаган. Анын шарттарына ылайык Килиан Мбаппе сезон үчүн болжол менен 25 миллион евро алат. Эгерде келерки жылы жайында "Реал Мадридге" эркин агент катары өтсө, анда ал 40 миллион евролук бонус алат.
Белгилей кетсек, Киллиан Мбаппе "ПСЖ" клубунда 2017-жылдан бери ойноп келет. Ал париждик клубга 180 миллион еврого "Монако" клубунан өткөн. Өткөн сезондо Франция чемпиондугунда чабуулчу 31 оюнга чыгып, 27 гол киргизип, жети жолу голдук пас берген.

Буга чейин, Килиан Мбаппе "ПСЖ" клубу менен жаңы келишим түзүүнү каалабай тургандыгы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Men_ele
2021-08-13 12:27:29
Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт болуп атканы го...?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан