Кыргызстандык балбан Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште коло медаль тагынды

Кыргызстандык балбан Кубанычбек Таштанбеков (50 килограмм салмакта) 29-30-октябрь күндөрү Казакстандын Чымкент шаарында өткөн эркин күрөш боюнча мелдеште коло медаль тагынды. Мелдеш СССРдин Баатыры Сабыр Рахимовдун жаркын элесине арналып өттү. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жарыялашты. Мелдеште 50, 55, 60, 66, 74, 84, 96 жана 120 килограмм салмактагы Казакстан, Өзбекстан жана кыргызстандык балбандар күч сынашты. Башка салмактарда кыргызстандык балбандар байгелүү орунду ээлей алган эмес.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Davlet1994
2013-11-04 00:39:43
азаматсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан