Кыргызстандагы Сорос Фонду жана Программалык камсыздоолорду жана кызматтарды өндүрүүчүлөрдүн Кыргыз Ассоциациясы аймактык кесиптик окуу жайлардын базасында IT-лицейлерди 2020-жылы ачышкан.
2021-жылдын бүтүрүүчүлөрү үчүн Токмок, Талас, Каракол, Нарын, Кызыл-Кыя шаарларындагы кесиптик лицейлердин негизинде IT тармагын кабыл алышат. Python, Javascript программалоо тилдери боюнча программисттерди даярдап, 1 жана 2 жылдын ичинде "программист" кесиби боюнча баштапкы кесиптик билим жөнүндө диплом жана 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө мектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүк ыйгарылат.
2021-2022-окуу жылына карата Кызыл-Кыя шаарындагы №70 лицей бюджеттик орундарды ачкан, аймакты өнүктүрүү үчүн жана жаштар жогорку маяналуу жумуштарга ээ болуу менен бирге, рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болушат.
Лицейдин мугалимдери 2019-жылы IT Академиясында биздин тренерлер менен бирге окуп, квалификациясын жогорулатышкан. Учурда тренерлер IT-лицейлердеги топторду жана багыттарды көбөйтүү максаты менен башка программалоо тилдерин окутуп жаткан кези.
Долбоор ошондой эле лицейлердин инфраструктурасына салым кошкон. 2020-жылдын жайында ар бир региондо 2 классты оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Класстар жабдылган жана тиешелүү формага коюлган: парталар жана стулдар сатып алынган жана ар бир класс үчүн проекторлор менен такталар берилген.
2020-2021-окуу жылына 59 окуучу кирген, анын ичинен 2021-жылы 11-класстын базасына кирген окуучулар быйыл 16-сы окууну бүтүрүшкөн. Бүтүрүүчүлөр практикасын өз шаарларынын IT мекемелерине муктаж болгон ар кандай мекемелерде башташкан.
IT кесиби ар дайым эң керектүү кесиптердин бири болуп келген, бирок COVID-19 пандемиясынан кийин программисттерге суроо-талаптар өсүүдө. Себеби:
- Программист кесиби дүйнөдө каалаган компанияга үйдөн иштөөгө мүмкүнчүлүк берет, демек, сиз өз аймагыңыздан чыкпай эл аралык мекемелер менен иштешсеңиз болот.
- Азыркы учурда Кыргызстанда программисттердин айлык маянасы 300$ өйдө келет. Ири компанияларда IT адистеринин маянасы 5000$ тегерегинде болот.
- Окуу менен стажировканы чогуу алып кетүү жана 10 айдан кийин иштеп баштаса болот.
- Студенттерге жатакана берилет.
Кыргызстанда жашап - бүткүл дүйнө менен иштөө
IG: @it_licey_kg
FB: IT лицеи в Кыргызстане