"Ливерпуль" футболдук клубу коргоочу Виржил ван Дейк менен жаңы келишимге кол койгонун жарыялады. Бул тууралуу аталган футболдук клубдун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жаңы келишимдин мөөнөтү 2025-жылга чейин созулат.
Ван Дейк 2018-жылдын январь айында "Саутгемптон" клубунан "Ливерпулга" өткөн. Ошондон бери ал команда менен 130 оюн өткөрүп, 14 гол киргизген. Жаракатынан улам өткөн сезондо дээрлик толугу менен оюн талаасына чыга алган жок.